Сокулук районунда таксистти мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, 3 жаран кармалды — сүрөттөр

Сокулук районунда таксистти мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, 3 жаран кармалды — сүрөттөр

Чүй облусттук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук районунда таксистти мыкаачылык жол менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу аталган облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жеке такси кызматтарында иштеген 24 жаштагы А.Ж. аттуу таксистти өлтүрүүгө шектелип, 3 жаран кармалды.

Буга чейин, Чүй облусунун Сокулук районунан алыс эмес Белек айылынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин сөөгү табылганы маалымдалган.

Окуя ушул жылдын 12-мартында 130-берененин «Киши өлтүрүү» фактысы менен Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сокулук районунун Ички иштер бөлүмү кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин башташкан.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, таксистти өлтүрүүгө шектелип, 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б, жана 31 жаштагы П.Ж аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Шектүүлөрдүн экөө Бишкектен Талас облусуна из жашырып кетишкен. Алар учурда тергөө жайына жеткирилди.

Тергөөнүн алдын-ала жүрүшүндө маалым болгондой, шектүүлөр менен маркумдун ортосунда уруш чыккан. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, алдын-ала тергөө өндүрүшү улантылууда.

[su_image_carousel source=»media: 28628,28629,28630″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>