Сокулук районунун тургуну инисин балта менен өлтүрдү

Сокулук районунун тургуну инисин балта менен өлтүрдү

Сокулук районунда агасын өлтүрдү деген шек менен 69 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 19-октябрь күнү Сокулуктун Саз айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 69 жаштагы адам 64 жаштагы иниси менен жаңжалдашып, балта менен бир чапканын аныкташкан.  Шектүүнүн иниси алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>