Сокулукта өгөй атасы сабаган 6 жашар баладан эми апасы баш тартты

Сокулукта өгөй атасы сабаган 6 жашар баладан эми апасы баш тартты

Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган алты жашар баланын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтуусунда балага камкорчулукту эми тай-энеси алган. 

«Рамазанга азыр эч кандай коркунуч жок. Ошондой эле башка кайрымдуу адамдар да ар нерсени жөнөтүүдө. Мунун баары кыргыз элинин кайрымдуулугу элге ырахмат. Кудай буйруса Рамазанда баары жакшы болот”, — деген Шердор Абдыкапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин алты жаштагы өгөй баласын сабаган деп шек саналган жаран кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Кийин апасы күйөөсүн бошотуу өтүнүчү менен тосмо арыз жазып берген. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>