Өгөй атасы сабаган алты жашар баланын апасы тосмо арыз жазды

Өгөй атасы сабаган алты жашар баланын апасы тосмо арыз жазды

Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган алты жашар баланын апасы тосмо арыз жазып берди.  Бул тууралуу ЖМКларга баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров билдирген. 

Юристтин билдирүүсүнө ылайык, ал күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз берген.

«Баланын апасы Эркайым “күйөөм менен жашайм” деп тосмо арыз жазып берди. Баланы абалы жакшы, аны таенесине Ат-Башыга алып кетишти”, — деген жактоочу. 

Белгилей кетсек, буга чейин алты жаштагы өгөй баласын сабаган деп шек саналган жаран кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>