Site icon Reporter.kg

Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган кишиге сот өкүм чыгарды

Чүй облусунун Сокулук районунда жашы жете элек кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөндөрү өзгөртүлдү.

Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя өткөн жылдын июнь айында Сокулук районунда катталган. Айыпталуучу — Руслан кошунасы — 10 жаштагы Зейнептин алсыз абалынан пайдаланып, кызды үйүнө алып барып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган.

Сокулук райондук соту аны 15 жылга эркинен ажыраткан. Руслан чечимге каршы даттанган. Апелляциялык арызда ал ишти тыкыр кароону суранган.

Руслан соттогу көрсөтмөсүндө, окуя болгон күнү эртең менен ал кыймылдай албагандыктан, көчөдөгү балдарды дүкөнгө жиберген. Зейнеп ага бир стакан арак алып келип берген. Ал аракты ошол жерден ичкен.

Русландын айтымында, ал Зейнепке акча менен ыраазычылык билдиргиси келген, бирок анын жанында акча болгон эмес. Анан акчасын ошол жерден берем деген шылтоо менен кызды үйгө чакырган. Үйгө барганда, ал Зейнепке телевизорду күйгүзүп берип, уктап калган. Эшикти бирөө тыкылдатып жатканда ойгонуп кеткен. Эшикке чыкканда ал бетине катуу муштум жеген,  эсине келгенде колу байланган абалда жерде жатканын көргөн. Айыпталуучу кызга тийгенин четке каккан.

Жабырлануучу кыздын мыйзамдуу өкүлүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, Руслан аны колунан кармап, күч колдонуп, үйүнө сүйрөп барган. Анан эшиктин кулпусун жаап, кийимдерин чечип, “колу менен бир нерсе кылып” үстүнө жатып алган. Кыздын айтымында, ал кыйкыра алган эмес: катуу коркуудан улам үнү чыкпай калган. Зейнеп анын эмне кылып жатканын түшүнгөн эмес. Анан аны кийинтип, сыртка алып чыккан.

Ал эми күбө катары көрсөтмө берген дүкөндүн сатуучусу Руслан ошол күнү мас болгонун билдирген. Бир жолу келип, андан арак сатып алган, андан кийин ал кишини көргөн эмес. Анан Зейнеп бир стакан арак жана сагыз алганы келген. Сатуучу андан кимге ичимдик керек экенин сураганын айткан. Аракты кошунасы Руслан үчүн алып жатканын айткан. Күбөнүн айтымында, ал балдарга алкоголдук ичимдиктерди сатпайт, бирок ошол күнү кыз кошунасы үчүн экени айткандыктан, макул болуп берген. Сатуучу Зейнеп аракты Русланга алып кеткенин көргөнүн билдирген.

Сотто айыпталуучу жана жабырлануучу, күбөлөр суралган соң,  Чүй облустук соту ишти карап чыгып, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version