Site icon Reporter.kg

Сокулукта 12 жаштагы бала асынган абалда табылды

Кечээ, 4-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунда 12 жаштагы бала үйүндө асынган абалда табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, каргашалуу окуянын алдында баланы атасы «эшикке чыкпайсың» деп тыюу салып койгон.

Учурда баланын өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тишелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо же ишти ачуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version