Site icon Reporter.kg

Сокулукта 20дан ашык уурулук фактысына шектелгендер кармалды

2024-жылдын август айынан бери Сокулук районунун Шалта жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундары уурулук фактылары боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө бир нече жолу кайрылышкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркагандардын арасында Шалта айылынын тургуну А.Д.нын үйүнөн 206 миң рубль жана 60 миң сомун уурдап кетишкен. Айылдын дагы бир тургуну Ч.А, зер буюмдары, эки шакек жана 55 миң сом жоголгонун билдирген. Кызыл-Туу айылында 26-август күнү белгисиз адамдар М.Р.нын үйүнө терезе аркылуу кирип, 20 миң сомун жана кол саатын уурдап кетишкен.

Жалпысынан уурулук фактылары боюнча 20дан ашык билдирүү түшүп, алардын ар бири Сокулук РИИБдин электрондук реестрине катталган. Милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чараларды баштаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүүлөр: 1993-жылы туулган А.Ж., мурда соттолгон 1997-жылы туулган Ж.К. кармалган. Эки шектүү тең Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын 22 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version