Сокулукта 44 жаштагы адам атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөп жиберген

Сокулукта 44 жаштагы адам атасынын сөөгүн темир челекке салып өрттөп жиберген

Чүй облусунун  Сокулук районунун Сарбан айылынын 44 жаштагы тургуну  атасынын жансыз денесин темир челекке салып өрттөп жиберген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар милицияга 20-май күнү саат 21:30 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ өрттөнүп өлгөн адамдын жансыз денесин табышкан. Ал 73 жаштагы Т.В. аттуу жаран экенин аныкталган.

Маркумдун баласын суракка алышканда ал, атасы ай мурунжүрөгү кармап каза болгонун айткан. Шектүү атасынын өлгөнүндүгү тууралуу эч кимге  кабар бербестен, челекке салып өрттөп салган.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, шектүү тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>