Site icon Reporter.kg

Сокулукта 49 үй-бүлө чакан ишкана ачууга 100 миң сомдон алышты

Сокулук районунда 49 үй-бүлө мамлекет менен “Социалдык контракт” түзүп, кичи ишкана ачууга 100 миң сомдук сертификат алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Сертификаттарды тапшыруу 21-июнда министр Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, аким Ильяз Ташкулов жана Дүйнөлүк банктын өкүлү Ораз Султановдун катышуусунда өттү.

«Быйыл Сокулук районуна 134, анын ичинде республикалык бюджеттен 125, Дүйнөлүк банк боюнча 9 квота бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 49 үй-бүлө социалдык контракт түзүштү. Республика боюнча жалпысынан 2 575 жакыр жана аз камсыз болгон үй — бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишимге кол коюшту», — деди Жылдыз Полотова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version