Сокулукта 6 жаштагы бала өгөй атасы тарабынан катуу сабалды

Сокулукта 6 жаштагы бала өгөй атасы тарабынан катуу сабалды

Сокулукта алты жаштагы бала катуу сабалып, кылмышка өгөй атасы айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 25 жаштагы А.Э. кайрылган.

Анда арыз ээси 18-ноябрга караган түнү жолдошу 6 жаштагы баласын басып алып сабап, денесине оор залал келтиргенин айтып, 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсүнө чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш андан кийин аймактык Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген.

Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда милиция кызматкерлери баланы сабады делинген кишини кармап, ички иштер бөлүмүнө алып келүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Тергөө иштери Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>