Сокулук районунда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам 28 жаштагы келин ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-августта дене жаракаттары менен Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталына 1994-жылы туулган Б.Ф. аттуу жаран кайрылган. Ал 15-августта Сокулук районунда жайгашкан үйүндө күйөөсү тарабынан сабалганын билдирген.
Анын арызы Биринчи май райондук милициясына каттоого алынып, материалдар Сокулук РИИБге өткөрүлүп берилген. Жабырлануучунун дене жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Сокулук РИИдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Көрүлгөн чаралардын негизинде Россия Федерациясына кетүүгө аракет кылган учурда жабырлануучунун күйөөсү — 1989-жылы туулган А.Н. кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда