Сокулукта аялына бензин чачып өрттөгөнгө шектелип маркумдун күйөөсү кармалды

Сокулукта аялына бензин чачып өрттөгөнгө шектелип маркумдун күйөөсү кармалды

Сокулукта аялына бензин чачып өрттөгөнгө шектелип маркумдун күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Ушул жылдын 12-февралында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага оор күйүк менен аял жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал аял ошол күндүн эртеси алган жаракатынан улам каза болгон.

Окуя болгон жерге маалымат келип түшөөрү менен Сокулук районунун ИИБнын ыкчам-тергөө тобу барышкан. Алар жаракат алган аял 42 жаштагы М.О. экенин аныкташкан. Ал Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын биринин тургуну болгон.

Аталган окуяны Сокулук районунун ички иштер бөлүмү Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстрине каттап, тергөө иштерин баштап, экспертизалык топ түзүлгөн.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында, милиция кызматкерлери шектүү катары маркумдун күйөөсүн кармашкан. Ал 46 жаштагы М.А. аттуу жаран экени аныкталган. Маркумдун жолдошун «адам өлтүрүү» беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча 12-февралда шектүү мас абалында келип, аялына «тамак жаса» деп айткан, маркум тамак жасап жаткан учурунда тез жасоосун талап кылып, аялына желим бөтөлкөдөгү бензинди чачып жиберген, аял тамакты бышыруу үчүн газ плитасын күйгүзгөн учурда ага от жабылган. Жыйынтыгында маркум оор күйүк алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>