Site icon Reporter.kg

Сокулукта баланы мыкаачылык менен сабаган шектүү СИЗОго камалды

Сокулукта баланы мыкаачылык менен сабаган шектүү бошотулду деген маалымат социалдык тармакка тарады. Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, шектүү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Буга чейин Сокулук райондук ооруканасына 2020-жылы туулган бала ар кандай жаракаттар менен түшкөнү маалымдалган. Кийинчерээк баланын апасы менен чогу жашаган киши наристенин денесине зыян келтирген деген шек менен кармалган.

Exit mobile version