Сокулукта блокпостто турган аскер кызматкерин айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен

Сокулукта блокпостто турган аскер кызматкерин айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен

Сокулук районунда Subaru Legacy унаасынын айдоочусу блокпостто турган аскер кызматкерин  сүзүп кеткен. Окуя тууралуу Чүй облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, блокпостто турган аскер кызматкери айдоочудан документтерин сураган. Бирок, ал кызматкер сураган документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, аны сүзүп өтүп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя кечээ саат 21.00 чамасында Кара-Сакал айылындагы постто болгон. Subaru унаасынын айдоочусу батыштан чыгышка айдап бараткан. Кагылышуудан кийин айдоочу бакка урунган. Жаракат алган аскер кызматкери Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна жаткырылган.

Учурда айдоочунун машинасы унаа токтотуучу жайга коюлуп, иштин материалдары Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>