Site icon Reporter.kg

Сокулукта дары өсүмдүктөрүн мыйзамсыз чогултуп, чет өлкөгө экспорттоп келишкен

Чүй облусунун Сокулук районунда ясенец өсүмдүгүн (Dictamnus L) мыйзамсыз чогултуп, кургатып, чет өлкөгө жөнөтүп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тинтүү учурунда алардын кампасынан 4 миң 923 кг болгон ясенец өсүмдүгү алынган. Кармалгандардын ишкерлик жүргүзүүгө жана чет өлкөгө сатууга дагы тийиштүү уруксат кагаздары жок болгон. Алар мамлекетке 24 миллион 615 миң сом зыян келтирген.

УКМК ясенецтин 1 киллограмы базарда 1000-1200 сом экенин белгилейт.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети 24-майда эле ясенец (Dictamnus L) менен бирге  макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), уу коргошун (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн жапайы өскөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизген.

Exit mobile version