Site icon Reporter.kg

Сокулукта достордун чыры өлүм менен аяктады. Окуянын чоо-жайы

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 8-июнда Сокулук райондук милициясына Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, зомбулуктан каза болгон адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал 1991-жылы туулган З.А. аттуу жаран болгон.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1975-жылы туулган А.С. жана 1976-жылы туулган М.В. аттуу жарандар кармалган.

“5-июнда жабырлануучу кылмышка шектүүлөр менен биргеликте Гавриловка айылындагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдиктерин ичип, алардын ортосунда чыр чыккан. Чырдын кесепетинен аталган окуя орун алган. Кылмыштын изин жашыруу максатында шектүүлөр өлгөн адамдын сөөгүн алып чыгып, ыргытып жиберишкен”, — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Exit mobile version