Site icon Reporter.kg

Сокулукта каналга түшүп кеткен аял кишинин сөөгү табылды

Сокулукта Быстроток каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  Күн-Туу айылындагы каналга 62 жаштагы аял кишинин түшүп кеткендиги туралуу маалымат 17-июлда түшкөн.

Жалпысынан 4 куткаруучу издөө ишине тартылып, маркумдун сөөгүн саат 12:33тө суудан табышкан.

Exit mobile version