Сокулукта Быстроток каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Күн-Туу айылындагы каналга 62 жаштагы аял кишинин түшүп кеткендиги туралуу маалымат 17-июлда түшкөн.
Жалпысынан 4 куткаруучу издөө ишине тартылып, маркумдун сөөгүн саат 12:33тө суудан табышкан.