Сокулукта кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыктан 3 адам каза болду

Сокулукта кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыктан 3 адам каза болду

Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагында болгон жол кырсыктан 3 адам каза болуп, 6 киши ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Сокулук райондук аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 21-январда эртең менен саат жети чамасында катталган. Сокулук айылында «Хонда Аккорд» каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен сүзүшкөн. Кичи автобус Бишкек—Кара-Балта багытында келе жатканы белгилүү болду. Жеңил унаадагы катуу жаракат алган 3 жүргүнчү көп узабай көз жумган.

«Аталган кырсыктан кийин сыныктар бөлүмүнө төрт киши, жандандыруу бөлүмүнө эки киши түштү. Абалы орточо. Үч киши окуя болгон жерден көз жумган. Жаш балдар жок, баары чоң кишилер. Жеңил унаада беш киши болгон», — деп билдиришти ооруканадан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>