Site icon Reporter.kg

Сокулукта колу-буту таңылып көчөдө жаткан окуучу кыздын иши териштирилүүдө

Сокулук районунун Биринчи май айылында 7-класстын окуучусуна байланыштуу иш боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүүдо. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя боюнча милицияга 24-октябрь күнү кыздын кошуналары кабарлашкан.

Аны колу-буту скотч менен байланып, эс-учун жоготуп, шымы чечилип жаткан жеринен айыл тургундары кечке жуук көрүшкөн.

Ишти облустук башкармалыктын жетекчилиги өз көзөмөлүнө алып, күбөлөр жана кыздын ата-энеси сурак берип, алар айткан маалыматтар текшерилди.

Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version