Сокулукта Мерседес-Бенц жана BMW X5 унаалары бетме-бет сүзүштү — видео

Сокулукта Мерседес-Бенц жана BMW X5 унаалары бетме-бет сүзүштү — видео

Чүй облусунун Сокулук айылында 21-августта саат 03:00 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкекке карай бара жаткан BMW X5 автоунаасы келе жаткан тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенцтен төрт адам жана BMW X5 бир адам жаракат алышкан. Алардын бардыгы ооруканага жеткирилген. Унаалар айып короого токтотулган.

Видеону Инстаграмга Болот Ибрагимов жайгаштырган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Сообщается о ДТП в центре Сокулука. Есть пострадавшие.

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>