Сокулукта Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү автоунаа ала салып кетти

Сокулукта Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү автоунаа ала салып кетти

Чүйдө Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кырсыгы кечээ, 29-октябрь күнү саат 04:18дер чамасында Сокулук районунун Жал айылында болгон. Анда Mitsubishi Lancer үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Автоунаанын ичинде 2 киши болгон. Жол кырсыгында эч кандай жаракат алышкан эмес.   

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>