Site icon Reporter.kg

Сокулукта өрт чыккан үйдөн 84 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Сокулук районунда өрт чыккан үйдүн ичинен 84 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Дача Прогресс  айылында  жалпы аянты 65 чарчы метр 2-кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүү учурунда бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган Р.Р.И аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган. Өрттүн себеби такталууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version