Site icon Reporter.kg

Сокулукта сабалган ымыркай ооруканага жаткырылды

младенец, дети

3-февраль күнү саат 21:30дар чамасында Сокулук аймактык ооруканага 2020-жылы туулган  К.Э. аттуу наристе денесинен алган жаракаттары менен жеткирилген.

Облустун Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай маалымат Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына келип түшкөн.

Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталды. Баланын денесине келтирилген жаракаттын бардык жагдайлары аныкталды.

Керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version