Site icon Reporter.kg

Сокулукта жигит 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болуп, кийин башкага үйлөнгөн

несовершеннолетняя,

Сокулукта өспүрүм кыз менен жыныстык катнашта болгон 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрь күнү Сокулук райондук милициясына Новопавловка айылынын жашоочусу 1984-жылы туулган А.Ж. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгында анын 2006-жылы туулган жашы жете элек кызын 1995-жылы туулган С.К. аттуу жаран зордуктаганын билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине “он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу 2006-жылы туулган Б.А. мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен «Инстаграм» социалдык түйүнү аркылуу таанышып, алар 6 ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын билдирген. Кийин ал бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 1995-жылы туулган С.К. кармалган. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Exit mobile version