Сокулуктагы көлмөлөрдүн биринен белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда 5-июль күнү саат 19:14тө Шопоков шаарында көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМнын куткаруучулары барып, 55-60 жаштардагы белгисиз кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен