Site icon Reporter.kg

Сокулуктагы заводдо жумушчунун буту станокко кыпчылып калды

Сокулук районунда кирпич чыгаруучу заводдо кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Орок айылында жайгашкан кирпич чыгаруучу заводдо 1990-жылы туулган  А. уулу М. аттуу эркек кишинин буту кирпич чыгаруучу станокко кыпчылып калган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган бутун чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version