Соль Илецктен келген кыргыз жарандары үйлөрүнө жеткирилди, — сүрөт

Соль Илецктен келген кыргыз жарандары үйлөрүнө жеткирилди, — сүрөт

Соль Илецк шаарынан 26-27-сентябрь күндөрү 3415 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү 1840, 27-сентябрь күнү 1575 чет өлкөдөгү  мекендештер келишкен. Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган.

Алгач келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, кийин гана үйлөрүнө кетүүгө уруксаат берилген.

26-сентябрь күнү келген 1840 жаран төмөнкү аймактарга жөнөтүлгөн:

Ош шаарына 124

Ош облусуна 423

Бишкек шаарына 176

Чүй облусуна 203

Нарын облусуна 47

Ысык-Көл облусуна 115

Талас облусуна 73

Жалал-Абад облусуна 472

Баткен облусуна 207

27-сентябрь күнү келген 1575 жаран төмөнкү аймактарга жөнөтүлгөн:  

Ош шаарына 55 жаран

Бишкек шаарына 106

Ош облусуна 343

Жалал-Абад облусуна 487

Нарын облусуна 41

Баткен облусуна 163

Ысык-Кол облусуна 140

Чүй облусуна 162

Талас облусуна 78

Алар Бишкек мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.

[su_image_carousel source=»media: 41950,41951,41952,41953″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>