Соль Илецк шаарынан 26-27-сентябрь күндөрү 3415 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү 1840, 27-сентябрь күнү 1575 чет өлкөдөгү мекендештер келишкен. Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган.
Алгач келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, кийин гана үйлөрүнө кетүүгө уруксаат берилген.
26-сентябрь күнү келген 1840 жаран төмөнкү аймактарга жөнөтүлгөн:
Ош шаарына 124
Ош облусуна 423
Бишкек шаарына 176
Чүй облусуна 203
Нарын облусуна 47
Ысык-Көл облусуна 115
Талас облусуна 73
Жалал-Абад облусуна 472
Баткен облусуна 207
27-сентябрь күнү келген 1575 жаран төмөнкү аймактарга жөнөтүлгөн:
Ош шаарына 55 жаран
Бишкек шаарына 106
Ош облусуна 343
Жалал-Абад облусуна 487
Нарын облусуна 41
Баткен облусуна 163
Ысык-Кол облусуна 140
Чүй облусуна 162
Талас облусуна 78
Алар Бишкек мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.
[su_image_carousel source=»media: 41950,41951,41952,41953″ crop=»none» autoplay=»4″]