Соль-Илецктен келген 421 жарандын анализи таза чыгып, үй карантинине кое берилди

Соль-Илецктен келген 421 жарандын анализи таза чыгып, үй карантинине кое берилди

Соль-Илецктен келип  Семетей” обсервациясында жаткан 541 жарандан ПЧР анализи алынып, 421 жарандын анализи таза чыккан соң үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу республикалык шатбдын маалыматында айтылат.

Белгилей кетсек бул жарандар 7-майда мекенине кайтарылып, эксперттик комиссиянын чечими күтпөстөн 18-май күнү чуу чыгарышкан. Алар менен  сүйлөшүү үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев барып, аларга үй карантининин талаптары тууралуу айтып берген.

Экинчи ирет алынган ПЧР анализдин жыйынтыгында жаңы аныкталган 43 учур менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды.

Эске салсак, кайтып келген 541 адамдын ичинде 101 адам стационарларга жаткырылган. Алардын 58и – республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, 43ү – Улуттук фтициатрия борборунда.

Учурда обсервациядагы абал туруктуу, медиктер штаттык тартипте иштеп жатат. Бүгүн-эртең бардык жарандар жашаган жерине атайын уюштурулган унаа менен жеткирилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>