Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен Кытай компания өлгөн малдарга компенсация төлөп берет

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен Кытай компания өлгөн малдарга компенсация төлөп берет

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен Кытай компаниясы өлгөн малдарга компенсация төлөп берет. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда июль айынын башында алтын кенин иштеткен Кытай компаниясынын зыянынан мал-жандыктар өлүп жатат деп элдер нааразы болушкан. Ошондой эле аталган компания ишин токтотуусуну талап кылышкан.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов алтын казуу кенинин жетекчилиги менен компаниянын жакшы имиджин түзүү максатында маселени чечүүнү суранган. Натыйжада ишкананын жетекчилиги өлгөн малдар үчүн компенцация төлөп берүүгө макул болушкан.

Буга чейин атайын түзүлгөн комиссия Солтон-Сарыдагы малдардын өлүмүнө байланыштуу бир канча лабораториялык экспертизаларды жүргүзүшкөн.

Эске салсак, Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>