Site icon Reporter.kg

Солтон-Сарыдагы чыр: Милиция алтын кендеги окуя кандай болгонун айтты

Солтон-Сары алтын кенин басып алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Репортерго” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, райондук милиция Солтон-Сары алтын кенин басып алды деген маалымат боюнча териштирип, иликтөө жүргүзгөн. 

Анын жыйынтыгы менен аталган маалымат чындыкка дал келбестиги белгилүү болгон. 

Милиция жерине барып иликтөө жүргүзгөндө  алтын кендин күзөтчүлөрү ал жерди эч ким басып албагандыгын, жөн гана бир нече адам иштейбиз деп келгендигин билдиришкен.   

Алардын айтымында 23-декабрда кеч курун алтын кенге  4 автоунаа менен 10го чукул адам иштейбиз деп барган. Кийин дагы 6 автоунаа менен адамдар барып баш аягы 20-25тей адам чогулган.  Алардын иш аракети мыйзамсыз экенин күзөтчүлөр айткандай кийин,  келген адамдар жергиликтүү бийлик келип алардын маселесин чечип берүүсүн талап кылышкан. 

Ал эми эртеси 24-декабрда автоунаалары менен кайра айылга түшүп кетишкен.

“Алтын кенге талкалап кирип адамдар басып алды деген маалымат  такталбаган, күзөтчүлөр андай  окуя болбогондугун айтышкан”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан. 

Ошондой эле маалыматта бул окуя боюнча тергөө иштери уланып жатканы, эгер мыйзам бузуу аныкталса тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылат.  

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун айрым адамдан Нарын районундагы Солтон – Сары алтын кенин жергиликтүү тургундар басып алды деп жазып чыгышкан эле.

 

Exit mobile version