Site icon Reporter.kg

Сом бардык валюталарга карата арзандады

Кыргызстандын Улуттук банкы 29-июлга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады.

Жаңыланган курс боюнча сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык валюталарына карата арзандады. Евро 1,56%га кымбаттап, 84,8233 сомду, доллар 0,85%га жогорулап, 83,07 сомду түздү.

Белгилей кетсек, америкалык валютанын расмий курсу май айынын ортосунан бери биринчи жолу 83 сомдон жогору көтөрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, рубль менен теңге да сомго карата 0,11%га жогорулап, 1,3737 сомду жана 1,05%га, 0,1735 сомду түздү.

Exit mobile version