Site icon Reporter.kg

Сом менен төлөмдү кабыл алуудан баш тарткандар жоопкерчиликке тартылат

“Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны депутат Улукбек Ормонов сунуштады.

Ага ылайык  кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү (автомототранспорт жана баалуу кагаздар) сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада гана жүзөгө ашырылат.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын чет өлкөлүк валютада көрсөтүүгө тыюу салынат.

Сом менен төлөмдү кабыл алуудан баш тарткандар жоопкерчиликке тартылат.

Депутат өлкөдө ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автотранспорт, кредиттер, турларды уюштуруу чет элдик валютада ишке ашып жатканын айтат.

“Бул биздин улуттук валютабыз «сомго» басымдын күчөшүнө өбөлгө түзүүдө. Насыя берүү системасында турак-жайды бөлүп-бөлүп сатып алууда өлкөдө валюта курсу кескин секирип кеткенде же валюта курсу жасалма түрдө көтөрүлгөндө жарандар карыздарын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болушат”, — дейт ал.

Андыктан анын демилгеси улуттук валютанын  статусун күчөтүүгө багытталганы айтылат.

Exit mobile version