Site icon Reporter.kg

Соң-Көлдө «Эң узун шырдак Нарында» аттуу фестиваль өтөт

Соң-Көл жайлоосунун Баатай аралында 22-июлда «Эң узун шырдак Нарында» аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестиваль салттуу көргөзмөлөр менен коштолот.

Программага ылайык, фестивалда Нарында жасалган эң узун шырдак көрсөтүлүп,  кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстар, салттуу көргөзмөлөр  жана музыкалык оюн-зооктор көрсөтүлөт. Ошондой эле, ат оюндары жана кыргыз көчү сындуу бир катар иш-чаралар менен коштолот.

 

Exit mobile version