Соң-Көл көлүндө браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддер жүрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Рейдге “Сон-Көл балык чарбасы” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун, «Ак илбирс» экофондунун кызматкерлери жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Жыйынтыгында 9 даана балык уулоочу торлор тартылып алынып, кармалган жарандарга карата жеринде тиешелүү протоколдор түзүлүп, айыппул салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз