Site icon Reporter.kg

Соңку суткадагы валюталар курсундагы өзгөрүүлөр

Бир сутка ичинде АКШ долларынын орточо курсу (сатуу) 80,5 сомго чейин төмөндөдү, евронун курсу 85,6889 сомго чейин көтөрүлдү, рублдин сатуу курсу 1,9%га жогорулап, 1,3711 сомду түздү, казак теңгеси 0,2023 сомго чейин арзандады.  Бул  маалымат “Акчабар” финансы порталынын атайын эсептөөсү менен чыкты. 

АКШ доллары

Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 79,7 сом , сатууда 80,3 сом.

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында доллардын орточо курсу: сатып алуу — 82,87 сом, сатуу — 83,87 сом.

Улуттук банктын расмий курсу 79,5 сомду түздү.

Евро

Коммерциялык банктардагы евронун курсу: сатып алуу 84,5 сомдон 85,0 сомго чейин, сатуу 85,5 сомдон.

Моссоветте евро орто эсеп менен 87,5 сомдон сатылып алынып, 88,5 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 85,1127 сом.

Рубль

Орус рубли коммерциялык банктарда сатып алуу — 1,23 сом, сатуу 1,33 сом.

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда рубл орточо 1,023 сомдон сатып алынууда, 1,16 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын рублинин расмий курсу 1,3521 сом.

Теңге

Коммерциялык банктарда казак теңгесин сатып алуу курсу – 0,13 сом, сатуу – 0,198 сом.

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында теңгенин орточо курсу: сатып алуу — 0,1094 сом, сатуу — 0,201 сом.

Улуттук банктын расмий курсу 0,1907 сом.

Exit mobile version