Site icon Reporter.kg

Соода борборго бомба коюлганы тууралуу билдирген жаран кармалды

Бишкек шаарындагы «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-май күнү саат 19:30 чамасында «102» кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Мындан улам милиция кызматкерлери аталган соода борбордо текшерүү жүргүзүшүп, ал жерден жардыргыч заттарды аныктаган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө, күч органдары тарабынан шектүү катары 31 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаардык милициясы даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө атайылап жалган билдирүү бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын жана 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылаарын эскертти.

 

Exit mobile version