Site icon Reporter.kg

Соода-өнөр жай палатасында логистика маселелери талкууланды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев логистикалык жана транспорттук компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында чек арадан өтүү жана жүк ташууларды уюштуруудагы кыйынчылыктарга байланыштуу актуалдуу маселелер каралган. Катышуучулар орун алган көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору тууралуу сүйлөшүшкөн.

Соода-өнөр жай палатасы логистика тармагындагы маселелерди мындан ары колдоого жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирген.

Exit mobile version