Site icon Reporter.kg

Соодадагы ишкерлердин 98 пайызы салык режимин өзгөрттү

Соода тармагында иштеген 82 миң 886 ишкер же 98%дан ашыгы башка салык режимдерине өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алардын 65 миң 745и  бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген СБКнын базарлары «Дордой» жана «Тураталы эл базарында» («Кара-Суу») иштеген 17 миң 141 субъект өзгөчө салык режимине өтүштү.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.

Exit mobile version