Site icon Reporter.kg

 Соодагерди сабаган Оштун спорт комитетинин башчысына иш козголду

Ош шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучусу Бекдөөлөт Абакировго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү ШИИБге 1980-жылы туулган жаран Бекдөөлөт Абакиров жана дагы төрт адам келип, адамдык намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, көптөп ур-токмокко алганын айтып, арыз менен кайрылган. Ал шаардагы базарлардын биринде соодагер болуп иштеген.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда арыз ээсине соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылат.

Exit mobile version