Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти  Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жээнбеков Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгиленди.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын айтышты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>