Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президентин туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президентин туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 24-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жандандыруу жөнүндө талкуулашты.

Лидерлер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин канааттануу менен белгилешип, ошондой эле мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын карашты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>