Сооронбай Жээнбеков: Адинай Мырзабекованын атын Бишкектеги жаңы паркка берүү керек

Сооронбай Жээнбеков: Адинай Мырзабекованын атын Бишкектеги жаңы паркка берүү керек

Президен Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы түшүп жаткан сейил багы менен таанышты.  Бир нече спорт аянтчалары жайгашкан сейил багын кыдыруу учурунда Президент баскетбол, волейбол жана воркаут машыгууларына күбө болду.

Паркты кыдыруу учурунда Сооронбай Жээнбеков борбор калаадагы мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жерлерди кайтарып, эс алуу зоналарын көбөйтүү керектигин айтты.

Ошондой эле өлкө башчысы пандемияга каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, жаңы сейил бакка Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады.

“Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта  ыктыярчы катары күрөшүп жатып, өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим этем жана терең кайгыруу менен көңүл айтам”, — деген Сооронбай Жээнбеков. 

Жаңы сейил бак 8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, сейил бак жакын арада пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, Адинай Мырзабекова Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон. Ал 14-июлга караган түнү стационарда жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон.

Ал көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды.

[su_image_carousel source=»media: 37876,37877,37878,37879,37880,37881″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>