Сооронбай Жээнбеков Алматыдагы учак кырсыгына байланыштуу Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков Алматыдагы учак кырсыгына байланыштуу Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана казак элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Казакстандын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

Бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:05те Алматы — Нур-Султан багыты боюнча чыккан учак кулап, каза болгондордун саны 15ге жетти. Учакта жалпы 95 жүргүнчү болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>