Армян тараптын демилгеси менен бүгүн, 3-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын премьер-министри Николо Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.