Сооронбай Жээнбеков: Бабановго 25 суроону мен эмес, тергөө берет

Сооронбай Жээнбеков: Бабановго 25 суроону мен эмес, тергөө берет

Өмүрбек Бабановго 25 суроону мен эмес, тергөө берет. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков жылдын жыйынтыгын чыгарган пресс-конференцияда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгынын аралашып кеткендигинин эң таза үлгүсү. Мурда ага кылмыш иши козголгон экен, эми тергөөгө барып өз чындыгын көрсөтсүн. 25 суроо боюнча менин бергеним туура эмес го, тергөө берет. Ал киши жөнүндө башка бир нерсе айтсам туура эмес болуп калат”, — деди Жээнбеков.

Президенттин быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>