Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында онлайн режиминде чыгып сүйлөйт

Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Бул иш-чарада Кыргызстандын атынан президент  Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде видео кайрылуу жасайт.

Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл  Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Exit mobile version