Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков: Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек

«Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек», — Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди.

Маек учурунда мамлекет башчысына шайлоону калыс өткөрүү жана добуштарды сатып алууга бөгөт коюунун шарттары тууралуу суроо берилди.

Сооронбай Жээнбеков Президент катары шайлооону таза, адилет өткөрүү үчүн талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы өз милдеттеринин баарын аткарганын жана аткарып жатканын дагы бир ирет белгиледи.

Бирок, аталган процесс бир гана  Президенттен, Өкмөт жана БШКдан көз каранды эместигин кошумчалады.

«Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды. Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик. Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу мамиле камсыздоо деген талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат. Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына „мага добушуңду сат“ деди деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында „ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр“ деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат», — деди өлкө башчы.

Мамлекет башчысы белгилегендей, тийиштүү органдар бул багытта эгерде тынчсызданган маалыматтар келип түшсө, иш алып барышууда.

«Демек, сиз айткандай, коомубуз өзү да ушуга барып жатат деген туурадыр. Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек. Азыр угуп, көрүп жатам. Сиздер, массалык маалымат каражаттары элди чакырып, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Жакшы түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ушул ишти күчөтүүбүз керек. Элге ушуну сиңириш керек. Бул өзүбүздүн, элибиздин, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек деп өзүбүз да күрөшүүбүз керек. Мына, айтып жатышат, паспортун алып кетип жатышат деп. Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Органдар иштеп жатышат. Бирок, кайрылып, мына, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам өзү жок болууда. Ар бир шайлоочунун өз иши, кандай кылат. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, „буга сал, буга салба“, деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң. Добуш берүү 4-октябрда гана болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Exit mobile version