Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат 

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат 

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-22-августта иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Нарынга иш сапарынын алкагында президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат. 

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>